Эларалык эсептер
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК ЭСЕПТЕР – бир мамлекеттин аймагында турган юридикалык жактардын жана жеке адамдардын (резиденттердин жана резидент эместердин) башка мамлекеттердин аймагында жайгашкан юридикалык жактар жана жеке адамдар менен өздөрү сатып алышкан (сатышкан) товарлар (иштер, кызмат көрсөтүүлөр) үчүн эсептешүүлөрү. Э. э. эларалык банк иш тажрыйбаларында кабыл алынган: банк которуму, инкассо, аккредитив тариздеринде ишке ашырылат.